Веб-портал дистанционного обучения Ошского Государственного Университета

Естествознание

Поток:
Новый поток
Автор курса:
shaiimkulova@oshsu.kg
Начало курса:
08.06.2025
до:
08.06.2025

Дисциплинанын максаты: табигий билимдерди өздөштүргөн, гармониялуу, интелектуалдуу инсанды калыптандыруу.

  

Программа курса

1. Өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын эволюциялык өрчүшү. Биосфераны түзүүдө алардын ролу.

2. Өсүмдүктөрдүн вегетативдүү органдары.Көбөйүү. Гүл.Төмөнкү түзүлүштөгү өсүмдүктөр. Балырлар.

3. Хордалуулар тиби. Жалпы мүнөздөмөсү.

4. Жаныбарлар дүйнөсү. Жөнөкөй түзүлүштөгү жаныбарлар.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан “Билим берүү жөнүндөгү мыйзамдын” кабыл алынгандыгы белгилүү. Мына ошол мыйзамдын негизги идеяларын ишке ашыруу боюнча жогорку окуу жайларында билим берүүнү жаңылоонун мамлекеттик стандартына, мектептерде билим берүүнү жаңылоонун концепцияларына таянып, адистерди даярдоонун жана жаш муундарга билим берүүнүн пландары менен  программалары иштелип чыгууда.

         Ошондуктан, аталган жаңы документтерди жетекке алып, келечек муундарды курчап турган чөйрө, өсүмдүктөр дүйнөсү жаныбарлар дүйнөсү, экологиялык түшүнүктөр менен тааныштыруу негизги маселелерден болуп эсептелет. Бул идея айрыкча башталгыч билим берүүнүн кенцепциясында кеңири чагылдырылган.

Табият таануу предмети боюнча билим берүүнү жаңылоо концепцияларын иштеп чыгууда, билим берүүнүн азыркы мазмуунун түп тамырынан бери өзгөртүү эмес, аны учурдун талабына ылайыкташтыруу, шайкеш келтирүү көңүлдө тутулган. Ошол үчүн Кыргыз Республикасындагы жогорку окуу жайларында башталгыч билим берүү адистигине ээ болуучу студенттерге арналып бул жаңы программада да мурунку ээ болгон ийгиликтерди чыгармачылык менен өнүктүрүү максатында болдук.

Программанын материалдарын системага салууда студенттердин сезиминде дүйнөгө илимий бүтүн системалуу көз карашты түзүү жана аларга кенже класс окуучуларына зарыл болгон табият жөнүндө алгачкы түшүнүктөрдүн илимий негизин берүү болду. Аталган милдетти жүзөгө ашырсак азыркы шарттагы болочок кенже класс мугалимдерине табият ыйыктыгы, өсүмдүктөр, жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө, ыймандуулук жөнүндө кеңири түшүндүргөн болобуз. Анткени табигый предметтердин илимий тарбиялык мүмкүнчүлүгү  чоң: адам жана чөйрө, табият ажырагыс бир бүтүн система, адамдын жан дүйнөсүнө табият тикеден-тике таасир этери белгилүү. Башталгыч класс мугалимдерин даярдоодо “Табият таануу” курсунун программасы эки чоң бөлүктөн турат. Биринчисинде өсүмдүктөр дүйнөсүн, экинчисинде жаныбарлар дүйнөсүн окутуп үйрөтүү пландаштырылат.

 



Dark Mode