Веб-портал дистанционного обучения Ошского Государственного Университета

Башталгыч класстарда тил жана предметти интеграциялап окутуу

Поток:
12
Автор курса:
usadirbekkyzy@oshsu.kg
Начало курса:
06.06.2025
до:
06.06.2025

Дисциплинанын максаттары:

Жогорку окуу жайлардын педагогикалык билим берүү багытында окуган студенттерге башталгыч класстарда тил жана предметти интеграциялоо көндүмдөрүн натыйжалуу окутуу.

Дисциплинанын милдеттери:

- башталгыч класстарда тил жана предметти интеграциялап окутуунун маанилүүлүгү жана алардын ортосундагы тыгыз  карым-катыш жөнүндө маалымат берүү;

- башталгыч класстарда тил жана предметти интеграциялап окутуу көндүмдөрү боюнча натыйжалуу   стратегиялар менен тааныштыруу;

- окуунун беш базалык көндүмү боюнча көнүгүүлөрдү

 практикада колдоно билүү.

 

Дисциплинанын күтүлүүчү натыйжалары:

- башталгыч жалпы билим берүүнүн мазмунунун илимий негиздерин, азыркы педагогиканын жетишкендиктерин жана проблемаларын билет;

- башталгыч класстарда тил жана предметти интеграциялап окутуу компоненттинин  маанилүүлүгүн, алардын ортосундагы тыгыз карым-катышты түшүнөт;

- башталгыч класстардын окуучуларынын башталгыч класстарда тил жана предметти интеграциялап окутуунун стратегияларынын ролун жана колдонууну билет;

- окуучуларга жаш курагына жана классына ылайыктуу балдар китебиндеги окуу материалдарын берүүнүн маанилүүлүгүн түшүнөт.

 

Калыптандыруучу компетенциялар

 

ИК-2  окуу маселелеринин татаал түрлөрүн чечүү үчүн маалыматтык технологияларды колдонуу менен жаңы билимдерди алууга жана колдонууга жөндөмдүү

ПК-12 башталгыч билим берүү дисциплиналарынын теориялык негиздери жана технологиялары боюнча билимдерин колдоно алат, образдуу жана логикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү үчүн методдорду колдоно алат, кенже окуучулардын предметтик шык-жөндөмдөрүн калыптандырат.

 

 Пререквизиты

Кеп өстүрүүнүн теориясы жана методикасы;

Эне тилин окутуунун теориясы жана методикасы.

 

Со-реквизиттер

Башталгычкласстарда окуу көндүмдөрүн окутуу

 

Постреквизиттер

Кесиптик-базалык практика

 

 

 

Дисциплинаны окутуунун натыйжасы

Курстун аягында студент ээ болот:

НББП боюнча ОН (окутуунун натыйжасы)

Дисциплинанын ОНу

 

Компетенцииялар

 

ОН-7

Мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде оозеки жана жазуу кептерине ээлик кылат.

Төмөндөгүлөрдү билет жана түшүнөт:

Жетишерлик деңгээлде мамлекеттик,официалдуу жана чет тилдерин билет.

Төмөндөгүлөрдү билгичтерге ээ болот:

Мамлекеттик жана официалдуу тилдерде өзүнүн оозеки жана жазуу жүзүндөгү кебин логикалык жактан туура,аргументтүүжана ачык түзө алат.

Төмөндөгүлөргө ээ болот:

Тилдик теориялык материалдарды түрдүү кырдаалдарда колдоно билүү көндүмүнө  ээ болот.

ИК-2 

Окуутууда татаал  маселелерди чечүү үчүн маалыматтык технологияларды колдонуу менен жаңы билимдерди алууга жана колдонууга жөндөмдүү

 

 

ОН-9 Жүргүзүлгөн педагогикалык рефлекциянын негизинде өзүнүн жеке өнүгүүсү боюнча милдеттерди коет.

 

Төмөндөгүлөрдү билет жана түшүнөт:

- башталгыч класстардын окуучуларынын окуу көндүмдөрүн өнүктүрүүнүн натыйжалуу стратегияларынын ролун жана өзгөчөлүктөрүн билет;

- окуучуларга жаш курагына жана классына ылайыктуу окуу материалдарын берүүнүн маанилүүлүгүн түшүнөт.

Төмөндөгүлөрдү колдоно алат:

- предметти жана тилди интеграциялап окутуу көндүмүнө кайтарым байланыш жасай алат.

Төмөндөгүлөргө ээ болот:

-студент жалпы билим берүү стандартынын талаптарына ылайык билим берүү процессине талдоо жүргүзүү көндүмүнө ээ болот.

ПК-12

Башталгыч билим берүү дисциплиналарынын теориялык негиздери жана технологиялары боюнча билимдерин колдоно алат, образдуу жана логикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү үчүн методдорду колдоно алат, кенже окуучулардын предметтик шык-жөндөмдөрүн калыптандырат.

 

Программа курса

1. Предмет менен тилди интеграциялап окутуунун негиздери

2. Текст менен иштоо предмет менен тилди интеграциялап окутуунун негизи катары.

3. Скаффолдинг. Скаффолдинг принциптери

4. CLII сабагындагы баалоо

5. Сөздөн сүйлөөгө” , “Угам, окуйм, түшүнөм”, стратегиялары

6. “Текст түзөм” стратегиясы

 

Курстун мүнөздөмөсү: “Башталгыч класстарда тил жана предметти интеграциялап окутуу” дисциплинасы башталгыч класс окуучуларын окууга үйрөтүү методикаларын студенттерге практикалык өңүттөн окутууга багытталган.  Аталган курста башталгыч класстарда  тил менен предметти интеграциялоо жана  дифференциялап  окутуу,  анын маңызы, колдонуу , балдар китебин пайдалануу, калыптандыруучу баалоо, натыйжалуу кайтарым байланыш берүү ыкмалары, окутуу стратегиялары берилген


Dark Mode