“Билим берүү жөнүндө мыйзамдын” негизги идеяларын ишке
ашыруу боюнча жогорку окуу жайлардын билим берүүнү жаңылоонун мамлекеттик
стандартына, мектептерде билим берүүнү жаңылоонун концепцияларына таянып,
адистерди даярдоонун жана жаш муундарга билим берүүнүн пландары жана
программалары иштелип чыгууда. Аталган жаңы документтердин жетекке алып,
келечек муундарды курчап турган дүйнө, жаратылыш ресурстары жана экологиялык түшүнүктөр
менен тааныштыруу негизги маселелерден болуп эсептелет. Окуу методикалык
комплексте кенже мектеп балдарын айлана
чөйрө менен тааныштырууда жана дүйнө таанымын калыптандырууда курстун ордун
болочок башталгыч класс мугалимине жеткирүүдө интерактивдүү, заманбап
методдорду колдонуу зарылдыгы ачып көрсөтүүгө аракет жасалды.