Веб-портал дистанционного обучения Ошского Государственного Университета

Психология

Поток:
Новый поток
Автор курса:
sazimova@oshsu.kg
Начало курса:
08.06.2025
до:
08.06.2025

Дисциплинаны өздөштүрүүнүн максаты -Университеттин билим берүү процессиндеги жалпы маданий жана кесиптик компетенцияларды калыптандыруунун негизинде көркөм, педагогикалык жана маданий иш-аракеттеги кесиптик тапшырмаларды ийгиликтүү чечүүгө жөндөмдүү кесип ээлерин даярдоо. Азыркы мезгилдеги шартка дал келген кесиптик тапшырмаларды жөнгө салуу үчүн психолого-педагогикалык, уюштуруу-башкаруучулук, окуу-методикалык, чыгармачылык жана илимий-изилдөе иш аракетиндеги навыктарын калыптандыруу.

Программа курса

Курак жана педагогикалык психологиянын үйрөнүлүшүнүн биринчи себеби жалпы психологиянын закон ченемдүүлүктөрүн жакшы билүү менен эле практикада окуу тарбия иштерин башкаруунун мүмкүн эместигинде. Жалпы психологиядан алынган маалыматтар мектеп практикасында дайым эле оң натыйжа бере бербейт. Окуу, тарбия иштерин башкаруу. мүмкүнчүлүгү чектелүү. Анын эреже, мыйзамдарын мектеп практикасында колдонуу анчалык жемиштүү эмес. Мисалы: М. Вебер менен Фехнердин, Г.Эббингаустун жана башкалардын жалпы психологиялык мыйзамдары белгилүү бир жаш курагына негизделбеген, ошондуктан буларды практикада колдонууга болбойт.

Жалпы, курак жана педагогикалык психология бири-бири менен өз ара тыгыз байланышта, бири-бирине таасир эте алышат. Бул төмөнкү мисалдан ачык көрүнөт. Жалпы психологияэстин негизги процесстеринин мацызын,негизин үйрөтсө, курак психологиясы түрдүү курак жаштагы балдардагы эстин негизгипро-цесстеринин сапаттык өзгөрүүсүн, пайда болуусун үйрөтөт.  

 Жалпы психология кызыгуунун маңызын, түрлөрүн үйрөтсө, курак психологиясы түрдүү жаштагы балдардагы кызыгуунун тереңдигин, туруктуулугун, өзгөрүүсүн үйрөтөт.

Курак жана педагогикалык психологиянын үйрөнүлүшүнүн экинчи себеби балдарды тарбиялоо, окутуу үчүн мугалимден түрдүү курактагы балдардын физиологиялык, психикалык өнүгүшүн, өзгөчөлүгүн мыкты билүүсү талап кылынат. Мындай маалыматты жалпы психологиядан алууга болбойт.

Бул предметти үйрөнүүнүн өзүнчө себеби медицина, илиминин бир тармагы болгон педиатрия жана балдар патопсихологиясы (психикалык же самотикалык оорудан баш мээнин жапа чегиши) илиминин дүркүрөп өсүшү менен байланыштуу. Медициналык кызматкерлер ооруган балдарды туура дарылоо үчүн балдардын физиологиялык өзгөчөлүктөрүн билүү менен гана чектелбестен, дени таза балдардын психологиялык өзгөчөлүктөрүн да билүүлөрү зарыл. Практикада физиологиялык оорудан башка да мугалимдин керт башына, анын адистик деңгээлине, окуучулар менен болгон мамилесине, окутуунун туура эмес усулун колдонуусунан улам пайда болгон психикалык (дидаскогендик-мугалимдин окуучуга туура эмес жасаган мамилесинен пайда болгон оору) ооруда болот.


Dark Mode