Болочок кадрларга билим берүүдө экология предмети бүгүнкү күндүн көйгөйү болгон экологиялык маселелерди терең талдатат. Курчап турган дүйнөнүн өсүп келе жаткан муундарга, тагыраак айтканда, башталгыч класс окуучуларына канчалык даражада таасир этерин студенттер аңдап түшүнүшөт. Учурдун экологиялык глобалдык проблемаларын үйрөнүү менен бирге эле, күнүмдүк жашоолорунда кенже мектеп окуучулары айлана чөйрөгө кандай мамиле жасоого үйрөнөөрүн болочок кадрлар таанышат.