Веб-портал дистанционного обучения Ошского Государственного Университета

Методика преподавания начальной математики

Поток:
Новый поток
Автор курса:
takmatova@oshsu.kg
Начало курса:
07.06.2025
до:
07.06.2025

-              Математиканы окутуу процессинде студенттерди өнүктүрүүнүн фактору жана каражаты катары педагогикалык процесстин маңызын,мыйзам ченемдүүлүктөрүн,тенденцияларын изилдөө;

-              Математиканы окутуудагы методикалык системанын негизги компененттерин изилдөө..

Дисциплинын милдеттери:

-              Мектептин негизги жана жогорку баскычтарында (жалпы билим берүү жана адистик деңгээлдеринде) окуучуларды математикалык билим берүүнү ишке ашырууга даярдоону камсыз кылуу;

-              Жалпы педагогикалык процесстен келип чыккан математиканы окутуунун мазмунун, ыкмаларын жана формаларын тандоо жөнүндө студенттердин илимий ойлорун калыптандыруу;

-              Математиканы окутуу процессин уюштуруунун жана мазмунун психологиялык-педагогикалык негиздерин изилдөө;

-              Математиканы окутуу процессинде техникалык,аудиовизуалдык каражаттарды жана заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуунун мүмкүнчүлүктөрүн жана жолдорун изилдөө;

-              Мектепте математикалык билим берүүнү  гумандаштырууга жана дифференциялоого,окуу процессин жүргүзүү ишмердүүлүккө жана технологиялык мамиленин контекстинде билим берүүнү өнүктүрүү функциясын ишке ашырууга байланыштуу заманбап багыттары жөнүндө түшүнүктөрдү калыптандыруу;

-              Математика мугалиминин кесиптик ишинин негизги түрлөрүн ишке ашыруу үчүн зарыл болгон студенттердин инсандык жана интеллектуалдык сапаттарын өнүктүрүүгө түрткү берүү.

Дисциплинаны окутуу жана тарбиялоо,илимий-методикалык,социалдык-педагогикалык,уюштуруучулук жана башкаруу сыяктуу кесиптик ишмердиктин түрлөрүнө багытталган жана төмөнкүдөй маселелерди чечүүгө багытталган.

: Билим берүү жана тарбия берүү иш чаралары жаатында:

-  Билим берүү программасына ылайык окуу процессин ишке ашыруу;

-              Программанын темаларынын жана бөлүмдөрүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен окуу планына ылайык билим берүү;

-  Азыркы кездеги илимий жактан негизделген илелерди (приемдорду), методдорду жана окуу куралдарын пайдалануу;

-              Маалыматтык жана компьютердик,техникалык каражаттарды окутууда пайдалануу;

-              Окуучуларды жеке мамиленин негизинде алардын руханий, адеп-ахлактык баалуулуктарын жана патриоттук ишенимдерин калыптандыруу катарында тарбиялоо;

Илимий-методикалык иш аракеттердин жаатында:

-              Илимий-методикалык иштерди жүргүзүү,илимий-методикалык бирикмелердин ишине катышуу;

-              Өздүк иш аракеттерди өркүндөтүү жана квалификациясын жогорулатуу максатында ишмердүүлүккө анализ берүү;

Социалдык-педагогикалык иш аракеттердин жаатында:

-  Кесипке багыт берүүнү жүргүзүү.

 

Программа курса

1. Терс эмес бүтүн сандарды номерлөө жана алардын үстүндө жүргүзүлүүчү арифметикалык амалдар.

2. Башталгыч класстын математика китебиндеги стандартуу маселелелерди чыгаруу

3. Стандарттуу эмес маселелерди чыгаруу

4. Башталгыч класстардагы сандуу туюнтмаларга мисал-маселелерди чыгаруу жолдору

5. Алгебранын эле-ри болгон туюнтмага, теңдемеге,барабарсыздыкка карата мисал-маселелерди чыгаруу .

6. Башталгыч класстардагы тегиздиктеги геометриялык материалдарга карата мисалдар иштөө.

7. Башталгыч класстарда мейкиндиктеги геометриялык фигураларга карата мисал-маселелер иштөө.

8. Чоңдуктарды үйрөтүүгө карата мисал-маселелерди чыгаруу усулу.

Математиканы окутуу процессинде студенттерди өнүктүрүүнүн фактору жана каражаты катары педагогикалык процесстин маңызын,мыйзам ченемдүүлүктөрүн,тенденцияларын изилдөө. Башталгыч класстардагы математика предмети арифметика, алгебра жана 

геометриянын элементтеринен турат. Арифметика – цифраларды, сандарды жана 

арифметикалык амалдарды аткарууну, арифметикалык амалдардын касиеттерин эсептөөдө 

колдоно алууну үйрөтөт. Алгебра – сандардын арасындагы катыштарды, берилген 

чоӊдуктарды жана алардын чен бирдиктерин көрсөтүүчү цифраларды камтыган жана тамга 

менен белгиленген теңдемелерди окуп-үйрөтүүчү математиканын бөлүмү болуп 

эсептелинет. Геометриялык материалды окуп-үйрөнүүдө окуучулар геометриялык 

түшүнүктөр, терминология жана айрым чоңдуктар менен (узундук, периметр, аянт) 

таанышышат жана геометриялык фигуралар жана алардын касиеттерин өздөштүрүшөт. 

Сызгыч, транспортир, циркуль менен иштөөгө көнүгүшөт. Көлөмдүү фигураларды 

тегиздикте сүрөттөлүшүн таануу жана кагаздан аларды түзүү, жалпак жана көлөмдүү 

фигуралардын тегиздиктеги жана мейкиндиктеги абалын өзгөртүүдөн кийин аларды таануу,

аныктоо боюнча практикалык көндүмдөрүн өнүктүрөт. Практикалык мисалдарды, 

маселелерди чыгаруу, мейкиндиктик мамилелерди жана багыттарды калыптандыруу, 

5

фигураны бөлүктөргө ажыратуу жана андан башка фигураларды түзүү үчүн геометриялык 

түшүнүктөрдү пайдалана алууга үйрөтөт.

Алгачкы геометриялык түшүнүктөр жана чоӊдуктар, алардын чен бирдиктерин 

эсептөөдө арифметика да, алгебра да тыгыз карым-катнашта болуп, окуучунун 

математикалык компетенттүүлүгү калыптанат.


Dark Mode