Бул курс башталгыч класстардагы
окутуу процессинде баланын инсандык өзгөчөлүктөрүн, кызыгууларын жана
мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен билим берүү процессин уюштурууну изилдейт.
Личностко багытталган окутуу окуучунун жеке кызыгууларына жана инсандык
муктаждыктарына ылайык билим берүү методдорун колдонууну көздөйт. Курс педагогдорду ар бир окуучунун индивидуалдык
жөндөмдөрүн өнүктүрүү жана мотивациясын арттырууга багытталган окутуу
методикасы менен тааныштырат. Личностко багытталган окутуу окуучунун инсандык
өзгөчөлүктөрүн жана кызыгууларын биринчи орунга коюп, анын өнүгүүсүнө ыңгайлуу
шарттарды түзүүгө багытталган.