Веб-портал дистанционного обучения Ошского Государственного Университета

Кыргыз тили (специалитет)

Поток:
Новый поток
Автор курса:
ndamilova@oshsu.kg
Начало курса:
10.05.2025
до:
10.05.2025

Дисциплинанын максаты: - кеп ишмердүүлүгүн (сүйлөө, жазуу, окуу, угуу) мамлекеттик тилдин талаптарына ылайык жүргүзүүгө машыктыруу; - аталган дисциплинадан алган билим, көндүмдөрүн кесиптик ишмердүүлүктөрүндө туура пайдаланууга көнүктүрүү; - кыргыз элинин маданий баалуулуктары менен тааныштыруу жана түшүнүктөрүн тереңдетүү; мекенди сүйүүгө, эли-жерин сыйлоого чакыруу.

2. Дисциплинанын милдеттери: - студенттердин кыргыз тилинин практикалык курсу боюнча билимдерин тереңдетүү; - негизги лингвистикалык жана лингвоөлкөтаануу материалдарын өздөштүрүү; - студенттердин кесиптик ишмердүүлүктөрүндө дисциплина боюнча алган билим, билгичтик жана көндүмдөрүн пайдаланууга калыптандыруу. 

Программа курса

1. 1. Тил – улуттук дөөлөт Саламдашуу – ата салты, ата наркы Тил менен кептин табияты. Ички кеп жана тышкы кеп

2. 2.Адам аттары – эл байлыгы .Жер-суу аттары – тарых баяны Адам ысымдарынын жазылышы. Антропонимдер – этномаданий лексика Жер-суу аттарынын жазылышы. Топонимика

3. 3Кептин түрлѳрү. Кептин колдонулуш чѳйрѳлѳрүнѳ жараша функционалдык түрлѳрү жана бѳлүнүштѳрү. Улуттук оюндар – кыргыз маданият борбору

4. 4Кыргыз кино дүйнөсүнүн чыгаандары. Төкөлдөштүн төрт кызы Байланыштуу кеп, мүнѳздѳмѳсү, байланышсыз кептен айырмасы Текст, тексттин белгилери, мүнѳздѳмѳсү

5. 5 Кыргыз өнөрү, көркөм дөөлөтү – улуу мурас Тексттеги ойдун башталышы, негизги бөлүгү жана тыянагы

6. 6Элдик ырлардагы түптүү ойлор Көчмөндөр көрөңгөсү: кеп наркы Кептин логикалуулугу. Логикалуу сүйлөө маданияты . Кептин орундуулугу

7. 7Кино дүйнөсү Кептин стилдери жөнүндө түшүнүк. Илимий стиль, анын подстилдери, Аннотация.Рецензия берүү

8. 8Иш кагаздары стили. Иш кагаздарынын тили. Өздүк иш кагаздары реквизиттери

9. 9Расмий иш кагаздар. Протокол, отчёт, АКТ., реквизиттери

Кыргыз Республикасынын Конституциясына, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык кыргыз тили Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили болуп саналат. Мамлекеттик тилди коомдун бардык чөйрөсүндө активдүү колдонуу жана улуттук наркты сактоо максатында ЖОЖдордо кыргыз тилин кесипке багыттап окутуу, ал аркылуу улуттук баалуулуктарды үйрөтүү, таалим-тарбия берүү, кыргыз тилин кесиптик чөйрөдө талапка ылайык колдонууга үйрөтүү маселеси кайрадан мамлекеттик деңгээлде каралып, ага ылайык «Кыргызтест» тарабынан «Кыргыз тилин билүү деңгээлине коюлган талаптар» (2015, 2017) иштелип чыкты.

Мындан улам билим берүүнүн бардык баскычтарында кыргыз тилин окутуунун мамлекеттик предметтик стандартына, окуу программасына, окутуунун максатына жана мазмунуна жараша толуктоолор, тактоолор киргизилди. Программада кыргыз тилин окутуунун активдүү формалары жана ык-жолдору, практикада жигердүү колдонуунун зарылдыгы эске алынды. Андыктан, кыргыз тилин билүү деңгээлдерине ылайык  жогорку окуу жайларындагы профилдик багыттардагы адистиктер үчүн  (кыргыз филологиясы: кыргыз тили жана адабияты адистигинен башка) академиялык кыргыз тили дисциплинасын окутуунун программасын түзүү зарылдыгы келип чыкты. Кыргыз тили мамлекеттик тил катары жогорку окуу жайларында милдеттүү түрдө окутулуучу базалык предмет катары жана башка предметтерди окутуунун каражаты (тили) катары да кызмат кылат.

Программа түзүү үчүн дүйнөлүк тил үйрөтүү тажрыйбасындагы Европа портфолиосунун заманбап технологиялары эске алынды. Ошондой эле, ЖОЖдордо академиялык кыргыз тилин искусство багытындагы  адистиктерде окуган студенттер үчүн иштелип чыкты.

Бул программа ЖОЖдун искусство багытында билим алып жаткан студенттердин академиялык кыргыз тили предметинен алчу билимдеринин мазмунун аныктаган жана студенттердин кыргыз тилин билүү деңгээлин белгилеген нормативдик документ болуп эсептелет. 


Dark Mode