Дисциплинанын максат-милдеттери:
§ Кыргыз тилин окутуунун методикасынын башка илимдер менен болгон байланышын билүү жана ушул байланыштын негизинде үйрөнүүнүн зарылдыгын түшүнүү;
§ Окутуунун максатына ылайыктап сабактарды жана класстан тышкаркы иштерди пландаштыруу;
§ Башталгыч мектепте кыргыз тилин окутууда колдонулган методдорго (салттуу жана жаңычыл) карата өзүнүн мамилесин аныктап, ошол калыптанган көз караштын негизинде өздүк окутуу практикасын жакшыртуунун жолдорун белгилөө;
§ Кенже мектеп окуучуларын сабатка үйрөтүүдө морфология, орфография, синтаксис, адабий окууну уюштурууларды аңдай билүү;
§ Башталгыч мектептер үчүн түзүлгөн окуу китеп, план, программалардын мазмунун жана түзүлүшүн үйрөнүү менен ага ылайыктуу окуу каражаттарын тандоо жана колдоно билүү;
§ Окуучулардын өз алдынча иштөөлөрүн уюштуруу, башкаруу жана анын жыйынтыктарын баалай билүү;
§ Башталгыч класстарда кыргыз тилин окутууда окуучунун жетишкендиктерин баалоонун ыңгайлуу методдорун жана ыкмаларын тандай билүү;
§ Өз алдынча үйрөнүү жана өзүн-өзү баалоонун негизинде өздүк окутуу сапатын жогорулата алуу;
§ Окуучулук коллектив менен иштей билүү.