Веб-портал дистанционного обучения Ошского Государственного Университета

Методика преподавания родного языка в началного школе

Поток:
Методика преподавания
Автор курса:
ttoichuev@oshsu.kg
Начало курса:
08.06.2025
до:
08.06.2025

Дисциплинанын максат-милдеттери: 

§  Кыргыз тилин окутуунун методикасынын башка илимдер менен болгон байланышын билүү жана ушул байланыштын негизинде үйрөнүүнүн зарылдыгын түшүнүү;

§  Окутуунун максатына ылайыктап сабактарды жана класстан тышкаркы иштерди пландаштыруу;

§  Башталгыч мектепте кыргыз тилин окутууда колдонулган методдорго (салттуу жана жаңычыл) карата өзүнүн мамилесин аныктап, ошол калыптанган көз караштын негизинде өздүк окутуу практикасын жакшыртуунун жолдорун белгилөө;

§  Кенже мектеп окуучуларын сабатка үйрөтүүдө морфология, орфография, синтаксис, адабий окууну уюштурууларды аңдай билүү;

§  Башталгыч мектептер үчүн түзүлгөн окуу китеп, план, программалардын мазмунун жана түзүлүшүн үйрөнүү менен ага ылайыктуу окуу каражаттарын тандоо жана колдоно билүү;

§  Окуучулардын өз алдынча иштөөлөрүн уюштуруу, башкаруу жана анын жыйынтыктарын баалай билүү;

§  Башталгыч класстарда кыргыз тилин окутууда окуучунун жетишкендиктерин баалоонун ыңгайлуу методдорун жана ыкмаларын тандай билүү;

§  Өз алдынча үйрөнүү жана өзүн-өзү баалоонун негизинде өздүк окутуу сапатын жогорулата алуу;

§  Окуучулук коллектив менен иштей билүү.

 

Программа курса

1. Башталгыч класстарда эне тилин окутуунун максаты жана милдеттери

2. Сабатка үйрөтүү методдорунун тарыхый мүнөздөмөсү

3. Алиппеге чейинки, алиппе, алиппеден кийинки мезгил

4. Башталгыч мектепте грамматиканы окутуунун методикасы

5. Башталгыч класстарда жазууга жана таза жазууга үйрөтүүнүн методикасы

6. Окутуунун билим берүүчүлүк, өнүктүрүүчүлүк, тарбия берүүчүлүк максаттарын окуучунун позициясынан коюу.

7. Башталгыч мектепте кыргыз тилин окутуунун методдору.

8. Алиппе окуу-методикалык комплекси

9. Алиппеге чейинки мезгил

10. Алиппе мезгили. Алиппе мезгилдеги сабат ачуу, сөз өстүрүү жумуштары. Алиппе майрамын өткөрүү

11. Алиппеден кийинки мезгилдеги мугалим жана окуучулардын иш-аракеттери

12. Башталгыч мектепте грамматиканы окутуунун методикасы

13. Башталгыч мектепте иштелүүчү грамматикалык көнүгүүлөр

14. Экзамен тапшыруу учун тапшырмалар

Студентти эне тилинин бардык бөлүмдөрүн өздөштүргөн, сабаттуу жазып, сүйлөй билген, лингвистикалык терең билимдүү адис катары чыгаруу менен сабат ачуунун жана  кыргыз тилинин мазмунун окуу программасынын талабына ылайык башталгыч мектептин окуучуларына жеткирүүнүн жолдорун, ыкмаларын үйрөтөт. 


Dark Mode