Курска мүнөздөмө: Педагогиканын жалпы негиздери
жана педагогикалык кесипке киришүү дисциплинасы
студенттерге милдеттүү түрдө окула турган курсуна кирет.
...Курстун максаты: Педагогиканын жалпы негиздери курсунун максаты студенттерге педагогика
илиминин пайда болушу, функциялары, милдеттери жана тарыхый өнүгүүсү жөнүндө
жалпы маалымат берет. Дисциплинада чет эл педагогдорунун, орус педагогдорунун жана кыргыз илимий педагогикасынын өнүгүүсү жана
ага элдик педагогиканын тийгизген таасири көрсөтүлөт. Болочок мугалимдерди
мугалимдик кесип жана анын маңыз-мазмуну менен тааныштырат.
Студенттерди бир бүтүн педагогикалык
процесстин технологиялары менен тааныштыруу жана жалпы билим берүүчү
мектептердеги окутуунун заманбап технологиялары жөнүндөгү илимий билимдердин
системасына ээ кылуу, ошондой эле тарбия процесси боюнча теориялык жана практикалык
билимдер менен куралдандыруу.