Дене маданиятында жана спортто адистин
профессионалдык-педагогикалык чеберчилиги ” курсунун окуу программасы боюнча
окуу процессинин жүрүшүндө студенттердин илим изилдөө жана билим берүү
маселелеринин жалпы өнүгүү процесстерин окуп-үйрөнүү жана өз алдынча илимий –
теориялык талдоо жүргүзүүгө, пикирин билдирүүгө жана керектүү элементтерин
ишмердүүлүгүндө колдоно алуусуна жетишүүсүн көздөйт. Бул курсту окуп өздөштүрүү
менен бирге магистрлер жаңы фактыларды, ойлорду, идеяларды, ой-жүгүртүүнү
үйрөнөт. Студенттин тандап алган
кесибине байланышкан материалдарды жана көйгөйлөрдү изилдөөнүн практикалык
жолдору каралат. Ошондой эле алган билиминин негизинде магистр логикалык ой
жүгүртүү, илимий талдоо жүргүзө билүү, билиминин эффективдүүлүгүн жогорулатуу
маселелери боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, өз сунуштарын далилдүү айта билүү
тажрыйбасына ээ болот.