эстетикалык тарбиялоо – көркөм өнөр чыгармаларындагы, табияттагы жана өз турмушундагы кооздукту сезе жана туя билүү сезимдерин эстетикалык кабылдоо жана түшүнүү үчүн инсандын идеалдарын жана табитин атайын максатка ылайык калыптандыруу боюнча жүргүзүлгөн таалим-тарбия иштеринин тутуму.